Иракта дагы 22 адамдын каны төгүлдү

9-мартта Ирактын батышындагы Хилла шаарында автомобилчен жанкечти жардырган бомбадан бери дегенде 22 киши апаат кетти. Ондогон адамдар жарадар болду. Ирак полициясы курман болгондордун саны дагы көп болот деп кооптонууда. Жанкечти бомбаны текшерүү пунктуна эл көп чогулуп калган тушта жардырганы ырасмий маалымдалды.

Хилла шаарында көбүн эсе шии мусулмандары жашайт. Бир күн мурда Иракта түрдүү чабуулдарда 11 адам өлүп, 14 киши жарадар болгон. Акыркы айларда Иракта дээрлик күн сайын ар кандай чабуулдар болууда. Алардын көбү үчүн сунни согушчандары айыпталууда. БУУнун эсебинче, 2013-жылы куралдуу зобун-зордуктан 8863 адам жайран болду. Бул соңку беш жылдагы эң чоң көрсөткүч.