Аламүдүндө мектеп рэкетине шектүүлөр кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда мектеп рэкетине шектелип 9-класстын окуучулары кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Шектүүлөр Төмөнкү Ала-Арча айылында ата-энелердин арызы боюнча колго түшкөн.

Соңку жылдары Кыргызстанда мектеп рэкетчилиги окуучулар арасындагы негизги көйгөйгө айланган. Аны жоюу үчүн түрдүү долбоорлор да иштеп жатат.

Үч-төрт жыл мурун жогорку класс окуучулары өздөрүнөн кичүүлөрдөн акча талап кылса, азыр “салык салуунун” формасы өзгөрүп, телефонго бирдик салдыруу же ичимдик сатып алдырган учурлар көп экени айтылат. (SE)