Саудия, Эмираттар, Бахрейн Катардан элчилерин чакыртып алышты

Биргелешкен билдирүүсүндө Сауд Арабстан, Бириккен Араб эмираттары жана Бахрейн Катарды бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө келишимин аткарбай жатат деп айыпташты. Мындай окуя алты өлкө кирген Перси булуңундагы Кызматташттык кеңешинин тарыхында болуп көрбөгөндүгү айтылууда.

Катар бул чечимге өкүнүчүн билдирип, бирок коңшуларынан өз элчилерин алып кетпөөгө сөз берди. Катардын башка мүчөлөр менен бир катар пикир келишпөөчүлүктөрү бар. Алардан айырмаланып Катардын өкмөтү Египет менен Сириядагы "Мусулман агайындары" кыймылын колдойт жана Иран менен дипломатиялык алака түзгөн.