Нобел сыйлыгына рекорддук санда талапкер көрсөтүлдү

Быйылкы Нобел сыйлыгына көрсөтүлгөндөрдүн арасында Рим папасы Франсиз менен Пакистандын өспүрүм укук коргоочусу Малала Юсуфзайдан тартып, Орусиянын президенти Владимир Путинге чейинки талапкерлер бар. Норвегиянын Нобел Институтунун директори Геир Лундестад Нобелдин ар кыл сыйлыктарына быйыл 231 адам жана 47 уюм көрсөтүлгөндүгүн билдирди.