Крым: орус күчтөрү Украин базасынын бир бөлүгүн каратып алды

Крымда орус күчтөрү Украинанын ракетадан коргонуу батальонунун бир бөлүгүн каратып алганы кабарланууда. "Интерфакс" эки батальон каратылды деп буга чейин маалымдаган. АФП агенттиги Украинанын коргонуу министрлигине шилтеме берип билдиргендей, Евпаториядагы аскер турагында командирдин посту жана көзөмөл борбору Украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат. Ал арада украин полициясы Донецк шаарындагы өкмөттүк имараттардан демонстранттарды эвакуациялай баштады. Бул имараттарды орусиячыл демонстранттар өз көзөмөлүнө алышкан эле. Украинанын чыгышындагы бул шаарда аймактык бийликтин имаратынын үстүндө кайра украин желеги сайылганы кабарланды. Полиция имаратта жардыргыч зат бар деген маалымат түшкөнүн айтып жаткан.