Чүйдө өрт кырсыгы бир жарандын өмүрүн алды

Чүйдүн Искра айылында өрт кырсыгы 58 жаштагы тургундун өмүрүн жалмады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Фабричная көчөсүндөгү 5-үйдүн 10-батиринин ээси Т. Дүйшөналиев электр плитасына жыгылып, 4-даражадагы күйүк алган. Бети, моюну, денеси 80% күйүп кеткен. Ал ооруканага жетпей каза тапкан. Кырсыкка тиричилик электр шаймандарын колдонуудагы этиятсыздык себеп болгону айтылууда. (RK)