"Күлүп турган адам" Бишкекте

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаш балетмейстр Талант Осмонов кыргыз сахнасында алгач ирет Виктор Гюгого кайрылган режиссер болду. Гюгонун дүйнөгө белгилүү “Күлүп турган адам” романынын негизинде “Элес” аттуу жаңы эки актылуу модерн-балет койду. Көрүүчүлөр жаш балетмейстрдин модерн-балетти классика менен айкалыштырып, жасалга, костюмдарын да өзгөчөлөнтүп коюу ыкмасын 20-кылымдагы даңазалуу француз хореографы Морис Бежарга салыштырышууда.