Мурдагы айыл чарба министрине кылмыш иши козголду

Мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаевге карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты. Узакбаев министр болуп турганда бир тууган инисине тартып, аны АКШ берген акчадан кредит алуучулар тизмесине мыйзамсыз киргиздирип койгон деп айыпталууда. Прокуратуранын маалыматында, "Бапа" дыйкан чарбасынын жетекчиси С.Узакбаев 419 миң доллар алган.

Узакбаев айыл чарба жана мелиорация министри болуп 2012-жылы сентябрь айында дайындалып, быйыл январда президенттин жарлыгы менен кызматынан алынган. (EzK)