Нарындагы ит уруш

Урушка көбүнчө кыргыз дөбөттөрү жана алабай пародасындагы иттер чыгат. Мушташа турчу иттерди да кадимкидей тапташат

Иттер урушканга чейин бири-бирин көрбөөсү шарт. Кадимки спортчулардай таймаша тургандар эки эшиктен киришет. 

Киши бою секирип булкушкан иттерди ээлери тордун ичинде сүрөп турганга уруксат

Ит уруш кышында уюштурулганын себеби -  жараат алган иттердин жарасына чымын-чиркей конуп ырбатпайт

Ит уруштун калысы жана алып баруучусу. Ит уруштун дагы өз эрежелери бар. Ал эми көрүп тургандар ит урушуп жатканда сөгүнүп же кол чапканга тыюу салынат. 

Ит урушка атайын аянт жасалган. Шаардын сыртындагы үйдүн чоң короосу ичинен тор зым менен тосулган. 

Эреже боюнча иттерди кыйнап көпкө талаштырбайт. Ар бир чабуулу упайга эсептелип, жеңишти аныкташат. Уруш 3 раунд болуп, ар бир 15 мүнөттө  5 мүнөткө итти эс алыдырышат. Бирок жаалданган иттерди ажыратуу кээде кыйын болот.  

Ит урушту кызыгып келип көргөндөр арбын, шаардан эле эмес жакын айылдардан бери келишет. Бир чогулганда 200-300гө жакын ышкыбоз келет. 

Урушка тапталган иттердин күчүк кезинен кулак, куйругу кесилет. Урушка ыңгайлуу. 

Бул жака жаш балдардан тартып карыяларга чейин келишет. Билет баасы 20 сомдон. 

Булкуп жерге көтөрүп урган ыкмага 3 упай берилет. 3 жолу ушундай кылган итке дароо жеңиш ыйгарылат. 

Ит уруштун кызыгына баткандар

Уруш учурунда ит үрүп ийсе утулдум деген белги. Анда дароо уруш токтотулат.  3 жолу каңшыласа дагы утулдум дегени. Бул эреже так сакталат. 

Жергиликтүүлөр дагы кызыгып балдарын көтөрүп келишет

Иттер кээде жарым саат урушса, кээ бирде таймаш бир мүнөткө жетпей калат

Жанчар менен Аламан. Кышы бою көптөгөн атаандаштарын жеңип, эми чемпиондукту талашып жатышат. 

Жанчар менен Аламан экөө тең көк жал иттер. Мындай кызык оюнду тасмага тартып калышат.

Бул сезондун чемпиону Жанчар аттуу ит болду. Атаандашынан бир-эки эле упай айырма менен жеңишке жетти. Таймашка баалуу белектерди жергиликтүү ишкерлер алып беришет. 

Ит уруш күн сууктап, кыш түшкөнү башталат. Жай бою тапталган иттер бир сезондо сыналат. Атайын сезон уюштурулуп, финалдык оюнда чемипион аныкталат. Быйылкы чемпиондун ээсине бул кубоктор жана балуу белек камдалган. 

Жанчардын ээси Сүйүндүк. Ал эми итин таптап, Бишкекке урушка алып барам деп турган чагы.