Караколдо “башаламандык уюштурган” деп кармалган 8 адамга сот өкүм чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту жума күнү өткөн жылдын октябрындагы Караколдогу башаламандыкка катыштыгы бар деп Наристе Калчаев менен Жыргалбек Мажитовду 8 жылга кести.

Айыпталуучулардын дагы экөөсү Саруу айылдык кеңештин депутаттары Каныбек Мадаминов менен Улан Чибутов 4 жылга, дагы төрт адам шартуу мөөнөткө кесилди.

Аларга “өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “кишини барымтага алуу” “бейбаштык” “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” жана башка айыптар тагылган.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары былтыр жаз айларынан бери Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митингдерди, жол тосууларды уюштуруп келет.

2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митинг облус башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгон.

Аягында митингди милиция кууп таратып, 18 кишини камакка алган. Алардын айрымдары кийин үй камагына чыгарылган. (SA)