Жалал-Абадда мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленет

Бул тууралуу Жалал-Абад шаар башкармалыгынан кабарлашты. Шаар жетекчилиги тарабынан 4-мартта "Эркиндик" аянтындагы флагштокко мамлекеттик туу көтөрүлүп, Барпы театрында улуттук кийим-кечелердин, оюн-зооктордун сынагы уюштурулары тууралуу атайын чечим кабыл алынды. Мэрия бул иш-чарага эркектердин ак калпак кийип, аялзатынын ак жоолук салынып келүүсүн өтүндү. (SA/YA)