Көлдүк дыйкандардын кара май камсыздыгы 15% түзүүдө

Ысык-Көл облусунда дыйкандар жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн кара май менен камсыз болуусу учурда 15%. Бул тууралуу облустук бийлик башчысынын биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, солярка 6,5 миң тонна, бензин дээрлик 2 миң тонна бар. Азыр май куюучу бекеттерде дизелдик майдын 1 литри 39 сомдон сатылууда. Облустагы 3 495 трактордун 59 пайызы талаага чыгууга даяр. Адатта көлдө жазгы айдап-себүү апрел айынын ортосунан кийин башталат. (MK/RK)