Укук коргоочулар: Орусиядан келчү курал-жаракка көзөмөл керек

Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши таратты. Анда Кыргызстан Орусиядан 1 миллиард долларлык курал-жарак алганы жатканы, бирок өлкөнүн күч органдары реформаланбай, бул жааттагы мыйзамдарда кемчиликтер бар экени айтылат. "Мындай кырдаалда Орусиядан келген курал-жарак үчүнчү тараптын колуна өтүп кетиши мүмкүн, бул өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудурат" деген укук коргоочулар парламентти Орусиядан келе турган курал-жаракты көзөмөлгө алууга чакырды.

Орусиядан курал алуу боюнча өкмөт аралык келишим 2012-жылы сентябрда кабыл алынган. Сумма ири болгону менен Орусиядан жаңы жана заманбап курал-жарак келеби же эски техникабы деп маселе койгондор да бар.(BkA)