Президент тышкы иштер министрин кабыл алды

Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда Абдылдаев Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө өткөн сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Президент Кыргызстан үчүн пайдалуу деп саналган өлкөлөр менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү тапшырмасын берди. (BkA)