Ысык-Көлдө браконьерлерге каршы өнөктүк уланат

Ысык-Көлдө браконьерлерге каршы өнөктүк 15-апрелге чейин уланат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Былтыр октябрда башталган өнөктүктү февралга чейин жүргүзүү мерчемделген. Бирок бул иш жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүктөн улантуу тапшырмасы берилди. (MK/BkA)