Бишкекте ит этинен тамак жасаган ашканаларга көзөмөл күчөйт

Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Ашырбай Жусупов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда санитардык эрежелерге ылайык, коомдук тамактануу жайларында иттин этин тамак-ашка колдонууга тыюу салынган. Бирок буга карабай, иттин этин колдонгон тамактануу жайлары бар. Алар көбүнесе корей ашканалары. Мындан улам Жусупов иттин этин тамакка колдонуу боюнча көзөмөл күчөтүлөөрүн кошумчалады.

2013-жылдын 15-июлунда Чүй облустук ички иштер башкармылыгы тарабынан Арча-Бешик айылынын тургуну иттин этин кафелердин бирине өткөрүп жүргөнү тастыкталган.(BkA/UEz)