"Манас–2" терминалы жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт

"Манас" эл аралык аба майданы, Бишкек.

"Манас" эл аралык аба майданынын 2012-жылы ачылган жаңы экинчи имараты такай каттамдардын жүргүнчүлөрүн апрелден тарта тейлей баштайт. "Эйр Кыргызстан" авиаишканасынын бардык эл аралык рейстери "Манас–2" терминалынан учуп-конот. Учурда аталган авиакомпания тесттик режимде айрым каттамдарын жаңы имараттан тейлеп жатат. Бул тууралуу "Эйр Кыргызстан" кабарлады. Ал эми ички рейстер Бишкек аэропортунун негизги терминалынан аткарыла бермекчи.

Эки жыл мурда ишке кирген "Манас–2" терминалы жогорку деңгээлдеги конокторду жана мамлекеттин жетекчилерин тейлөө максатында курулган. Жаңы имарат былтыр октябрда Бишкек – Улан-Батор – Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрүн тейлей баштамак. Бирок ал убагында ишке ашкан эмес.

"Манас" эл аралык аба майданынын жетекчилиги Кыргызстан эли жаңы терминалдан учугу татыктуу жана укуктуу деп келишет. Бишкек аэропортунун экинчи имараты аталган авиабекеттин эсебинен курулган. (BAz)