Жалал-Абадда көчөдө соода кылгандар нааразылык билдирди

Жалал-Абаддын Чехов көчөсүндө соода кылгандардын жыйырмадай өкүлү бүгүн шаардык мэрияга келди. Алар жумушсуздуктун айынан кредит алып, жашылча-жемиш, азык-түлүк сатып жан багып жатканын айтып, мурда соода кылган жайларына кайра уруксат берүүнү талап кылды. Бир жумадан бери иштей албай жаткандыгына нааразылык айтышты.

Шаар мэриясы көчөдө соода-сатык жүргүзүү туура эместигин айтып, көчө соодасындагы башаламандыкты ирээтке келтирүү үчүн январь айында кабыл алынган буйрук аткарылып жатканын билдирди. Чехов көчөсүндө жүзгө чукул адам соода жүргүзөт. (YA)