Пакистан: Иран консулдугунун жанында жардыруу болду

Пакистандагы Иран консулдугунун жанында дүйшөмбү күнкү жардыруудан эки киши мерт кетип, кеминде он адам жараат алды. Полициянын маалыматына ылайык, өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешавар шаарында дипломатиялык кеңселер жайгашкан аймакта жанкечти өзүн жардырган. Ал террордук актыны кеңсенин көзөмөл пунктунда жасаган. Натыйжада эки күзөтчү набыт кеткен. Жардырууну Пакистандагы "Гюл" жихадчылар тобу мойнуна алды.