Жалал-Абадда мыйзамсыз курал-жарак алынды

Облуста 10-февралдан 23-февралга чейин өткөрүлгөн "Арсенал" аттуу операциянын жыйынтыгында жарандардан ок атуучу 25 курал-жарак алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармасынын басма сөз кызматы кабарлады. Алардын ичинен 20 даана курал-жарак мыйзамсыз сакталып жүргөнү аныкталса, 5 даанасын жарандар милицияга өз ыктыяры менен тапшырган. Операциянын жүрүшүндө эки газ тапанча да алынып, издөөдө жүргөн 4 киши кармалды. Жети кылмыштын бети ачылды. (YA)