Жогорку Рада парламент спикери Александр Турчиновго Украинанын президентинин милдетин убактылуу аткарууну жүктөдү. Анын талапкерлигин парламенттин 282 депутаты колдоду. Ал бул милдетти 25-майга белгиленген президенттик шайлоого чейин аткарат.
Турчинов парламенттик көпчүлүктөн 25-февралга чейин убактылуу өкмөт курууну өтүндү. Ишембиде абактан чыккан экс-премьер Юлия Тимошенко болсо анын талапкерлигин премьер-министрликке карабоону өтүндү.
Ал ортодо Виктор Янукович кайда экени дагы деле белгисиз, ишембиде ал кызматтан чегинбей турганын айтып, парламенттин чечимин мыйзамсыз деп баалаган.