Юлия Тимошенконун тагдыры

Юлия Тимошенко күйөөсү Александр менен Киевде, 2004-жыл. 

Саргылтым революция учурунда атайын даярдыктагы аскерлер менен сүйлөшүүдө. 2004-жыл. 

Виктор Ющенко жана Юлия Тимошенко Саргылтым революция учурунда гимн ырдашууда. 2004-жыл. 

Саргылтым революциянын бир жылдыгы. 2005-жыл. 

Премьер-министр Юлия Тимошенко жана анын блогундагы депутаттар Жогорку Сотко президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу документтерди тапшырып жатышат. 2010-жылдын февраль айы. 

Юлия Тимошенко оппозиция лидери катары парламентте пресс-конференция берүүдө. 2010-жылдын май айы. 

Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Бельгияда учурашуу. 2011-жылдын май айы. 

Юлия Тимошенко өкүм чыгып жатканда сотко кайрылууда. Киев. 2011-жыл, октябрь. 

Түрмө терезесинин ары жагынан. Тимошенко премьер-министр кезде кызматын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2011-жылы 11-октябрда жети жылга соттолгон. 2011-жыл. 

Юлия Тимошенко түрмөдө жаткан маалда денеси көгөргөнүн айтып, аны көргөзүүдө. 2012-жыл. 

Литванын президенти Даля Грибаускайте Харьковдогу ооруканага барып, Тимошенко менен жолугууда. 2012-жыл, май айы. 

Евгения Тимошенко Париждеги энесине арналган көргөзмөдө. 2012-жыл.

Түрмө жетекчиси Игорь Карпащиков Юлия Тимошенкого жаңы айыптоолор жазылган документтерди тапшырууда. 2013-жыл.

Жогорку Раданын оппозициячыл депутаттары Тимошенкого колдоо иретинде парламентте анын плакатын жайып жатышат. 2013-жылдын май айы. 

Евгения Тимошенко апасын бошотуу үчүн Жогорку Рада депутаттары добуш берип жатканда көз жашын тыя алган жок. 22-февраль, 2014-жыл.

Эркиндиктин алгачкы мүнөттөрү.

Түрмөдөн сыртка чыгуу. 22-февраль, 2014-жыл. 

Киевге карай сапар тартуу алдында.

Күйөрмандары менен учурашууда.

Эне менен кыздын кездешүүсү. 22-февраль, 2014-жыл. 

Киевге келүү. 

Тимошенко түрмөдө жаткан кезде бел омурткасынын дарты өтүшүп, коляскага отурууга мажбур болгон. Ага бийлик Батыштан дарыланууга уруксат берген эмес. 

Тимошенко Майдандагы демонстранттар менен амандашууда. 

Бийлик менен тирешүүдө курман болгондорго таазим этүү. 

Тимошенко демонстранттарды аягына чейин күрөшүп, өз максаттарына жетүүгө чакырды.