Жогорку Раданын төрагасы кызматын таштады

Украин парламенти - Жогорку Раданын төрагасы Владимир Рыбак кызматтан кетти. Рыбак ден соолугуна байланыштуу төрагалыктан бошонгонун спикердин орун басары бүгүн (22-февраль) жарыя кылды. Сессияда оппозиция лидери Виталий Кличко парламентарийлерди Виктор Януковичти тез президенттиктен кетүүгө чакырган резолюция кабыл алууга үндөдү. Янукович Киевди калтырып кеткендиктен, “өлкөдө бирден бир мыйзамдуу бийлик - бул Жогорку Рада”,- деди Кличко.

Вашингтондун маалымдашынча, Янукович Харьков шаарына жыйынга кеткен. Януковичте бүгүн башкаруучу Региондор партиясына ыктаган Жалпы украиналык коомдук уюмдардын Украина фронтунун жыйынына катышуу планы бар экенин Украин масс-медиасы кабарлоодо. Антиөкмөтчүл нааразылардын Оң канаты оппозиция лидерлери жана президент Янукович ортосундагы кечээ кол коюлган саясий келишимди чанып, Янукович бийликтен кетпесе, өкмөткө чабуул жасалат деп коркутууда.