Үч райондун салык башчылары жумуштан бошотулду

Салык жыйноо ишинде кетирген кемчиликтер үчүн Ала-Бука, Сузак жана Араван райондорундагы салык башкармалыгынын жетекчилери жумуштан бошотулду. 2013-жыл боюнча коллегиянын жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дагы он башкармалыктын жетекчисине сөгүш жарыяланып, дагы онуна эскертүү берилди. (SE)