Иран жана Британия дипломатиялык мамилени калыбына келтиришти

2011-жылы Тегерандагы Британия элчилигине нааразыланган ирандыктардын тобу кирип баргандан кийин Лондон дипломатиялык байланышты токтоткон. Эки тарап эми аны калыбына келтирүүнү чечкени бейшемби күнү айкын болду. Малыматка караганда, эки өлкө мындан ары дипломатиялык байланышты ортомчулардын жардамы менен эмес, түз жүргүзө турган болушту. Британ жана Иран мамилеси өткөн жылы Хасан Роухани президенттик кызматка киришкенден кийин жакшыруу жолуна түшкөн. (AiT)