“Ар-намыс” каттоо кызматынын башчысын тандайт

Фракциянын маалымдоосуна караганда, Мамлекеттик каттоо кызматын жетектөөгө умтулган 16 талапкер катталды. Алардын талапкерлиги 21-февралда фракциянын жыйынында талкууланат. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Эрлан Сапарбаев фракциянын лидери Феликс Кулов менен жаңжалдан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Көпчүлүк коалициянын келишимине ылайык Мамлекеттик каттоо кызматы “Ар- намыс” фракциясына тийген. (AiT)