Украина: полицияга согуштук курал берилди

Украинанын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Виталий Захарченко полиция кызматкерлерине согуштук курал берилгенин, аны алар мыйзамга ылайык колдонорун жарыялады. Виталий Захарченко бейшемби күнкү билдирүүсүндө “экстремисттерди” куралдарын тапшырууга жана оппозицияны радикалдуу кадамдарды айыптоого үндөдү.

Киевдин борбордук аянтында демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышууларда жалпысынан 35 адамдын өлгөнү расмий түрдө тастыкталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн жети адамдын өлүмүн тастыктады, анын экөөсү - полиция кызматкерлери. 18-февралдагы кагылыштарда кеминде 28 адам өлгөн.

Бүгүн Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышы кайра жанданды. Протестчилер полицияга "Молотов коктейлдерин" ыргытса, полиция кызматкерлери көздөн жаш агызчу газ чачып, желим окторду колдонууда. Кагылышуулар оппозиция менен президент Янукович “жарашуу” жөнүндө жарыялаган соң, бир нече сааттардан кийин башталды. (AiK)