Бишкектеги жаңы конуштарга салынган үйлөрдүн 6 382си мыйзамсыз курулган. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэрияга караштуу Жеке турак-жай курулуш департаментинин директору Самарбек Болотбеков билдирди. Анын айтымында, ал үйлөрдүн дээрлик баары 2005-жылдан кийин күч алган жер басып алуулардан соң курулган. Уруксатсыз курулган үйлөрдүн арасынан 3589уна мыйзамдуу документ берсе болот. Калганы курулушка тыюу салынган жерлерге салынган.
Болотбеков билдиргендей, 2012-жылы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, жер басып алгандар 3 жылдан 10 жылга чейин камакка алынары жазылган.
Учурда бул маселе Бишкек шаардык кеңешинде каралып жатат.
Бишкек шаарындагы 47 жаңы конушта 45 миңден ашуун үй бар. (SE)