Грузияда Саакашвили сурак бериши мүмкүн

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 2006-жылы банкирдин өлтүрүлүшү боюнча суракка чакырылышы мүмкүн экендигин бүгүн өлкөнүн Адилет министрлиги билдирди.

Саакашвилинин бийлигине "Бириккен Грузин" банкынын тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеген Сандро Гирф Влиянинин Тбилисинин сыртында өлтүрүлүшүн терең иликтегиси келген эмес деген сын тагылган.