Синай жарым аралында жайгашкан ислам согушчул тобу Египеттин Израил менен чек арасына жакын жерде чет элдик туристтерге каршы жасалган бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. 15-февралданы чабуулдан Түштүк кореялык үч жаран жана автобустун египеттик айдоочусу набыт болгон. Бул 2013-жылы июлда исламчыл президент Мухаммед Мурси бийликтен кулатылгандан бери чет өлкөлүк туристтерге жасалган алгачкы кол салуу. Ансар Бейт ал-Макдис уюму дүйшөмбү (17-февраль) күнү кечинде интернеттеги жихадчылардын форумунда жарыялаган билдирүүсүндө чет элдик туристтерге каршы чабуул армия колдогон өкмөткө каршы “экономикалык согуштун” бир бөлүгү экени айтылат.