Салык декларациясын толтурууга кезекчилер көмөктөшөт

Мамлекеттик салык кызматы жер-жерлерде Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кезекчилердин кызматын уюштурду. Алар декларация тапшыруучу жарандарга документ толтурууга көмөктөшөт.

Салык кызматынан билдиришкендей, мындай кызмат көрсөтүү 17-февралдан 28-февралга чейин, 24-марттан 31-мартка чейин уланат.

Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу ушул күндөрү жүрүп жатат.
Юридикалык жактар 28-февралга чейин, жеке адамдар 31-мартка чейин өз кирешеси жана мүлкү тууралуу салык кызматына маалымат бериши керек. Декларацияны өз убагында бербеген жеке адамдарга 2000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып салынат. (SE)