Жалал-Абад: Соодагерлердин митинги

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абаддын Чехов көчөсүнүн боюнда соода кылган 30 чакты адам 17-февралда мэриянын алдына митингге чыкты. Алар көчөдөгү соода күркөлөрүн алып салуу боюнча шаар башчы чыгарган буйрукка нааразы. Январь айында шаардык бийлик көчөлөрдү иретке келтирүү максатында жол боюндагы соода күркөлөрүн жылдыруу тууралуу буйрук чыгарган.