Сочи: Германия алдыда

Сочиде өтүп жаткан кышкы олимп оюндарында эң көп алтын медал менен германиялык спортчулар алдыга чыкты. Учурда аларда 7 алтын, 3 күмүш, 2 коло медал бар. Экинчи орунда Нидерланды, үчүнчү тепкичте норвегиялык спортчулар.

Жалпы медалдардын саны боюнча Нидерланды алдыда. Аларда азыр 17 медал бар. Анын бешөө алтын. Орусия менен АКШнын спортчулары 16дан медал топтоду. Эки өлкөдө тең төрттөн алтын медал бар.

Кыргызстандык Евгений Тимофеев ушул шаршембиде мелдешке чыгат. Ал 19-февралда гигант-слалом, 22-февралда слалом боюнча күч сынашат.

Дмитрий Трелевский бутун сындырып алгандыгына байланыштуу, анын ордуна катышуу үчүн Евгений Тимофеев Сочиге өткөн жумада барган.

7-февралда башталган Сочи олимпиасы 23-февралда жыйынтыкталат. (SE)