Ооганстандын Кабул шаарында кыргыз элчилиги расмий түрдө ачылганын бүгүн “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Элчиликтин ачылуу аземи министр Эрлан Абдылдаевдин катышуусунда 15-февралда өттү.
Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаш 1999-жылы күчүнө кирген.
Кабулда элчилик ачуу аракети 2002-жылы башталган. 2013-жылдын май айында Авазбек Абдыразаков элчи болуп дайындалган. Бирок расмий ачылыш боло элек эле. (SE)