Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, президент Алмазбек Атамбаев ушул жумада Бишкекке кайтып келет. Белгилүү болгондой президенттин тизе чемирчегине 12-февралда Москвада операция жасалган. Буга байланыштуу мамлекет башчысы кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыккан. Президент 7-февралда Сочи олимпиадасынын ачылышына жөнөп кетип, андан ары Москвага барган. (AiT)