Кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат

23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү жекшембиге дал келгендиктен, кийинки күнгө жылдырылат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Натыйжада беш күндүк тартипте иштегендер эми 22, 23, 24-февраль күндөрү эс алышат.

Кыргызстандын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, эс алуу күндөрүнө туш келген бардык майрамдык күндөр кийинки иш күнүнө которулат.

Буга чейин өкмөт бир катар майрам күндөрдү алып таштоо боюнча токтомдун долбоорун карап чыгып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. Эгер бул долбоор кабыл алынса анда кийинки жылдары 23-февраль Кыргызстандын календарында "кызыл" болбой калышы ыктымал. (SA)