Обама Сирия боюнча мындан аркы чараларды карап жатат

Женева сүйлөшүүсү туңгуюкка кептелгенден кийин АКШ президенти Сириянын өкмөтүнө кысымды күч алдырып, өлкөдөгү гуманитардык кырдаалды оңдоо багытында «кадамдарды» карап жаткандыгын билдирди.

Өткөн түнү Калифорнияда Иордандын падышасы Абдулла Экинчи менен жолугушууда Барак Обама «бул жаатта жакын арада жылыш болоруна» көзү жетпей тургандыгын кошумчалады.

Бүгүн Женевада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы жыйынтыкталууда. Эл аралык арачы Лахдар Брахими төрагалык кылган бул сүйлөшүүдө тараптар тынчтык жараяны туңгуюкка кептелгенин айтышууда. Кечээ делегаттар чогуу отуруудан баш тартып, арачылар менен өз-өзүнчө сүйлөштү.