Түркмөнстанда 859 адам мунапыс алды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун буйругу менен 859 туткун бошотулду. Жергиликтүү маалымат булактарынын билдиришинче, мунапыс 19-февралда белгиленчү Мамлекеттик туу күнүнүн урматына берилген. Мурдагы президент Сапармурад Ниязов жыл сайын Рамазан айында абакта отургандарга мунапыс жарыялачу. Бердимухаммедов мамлекеттик майрамдардын алдында мунапыс берүүнү салт кылып алган. Ал 1-декабрь “Бейтаптык күнүн” утурлай абакта отурган 630 адамга мунапыс берген.