Өзбекстан: Валентин күнүнө университеттер каршы

Өзбекстанда бир нече университетте жектечилик студенттерден Валентин күнүн белгилебейм деген келишимге кол койдурду. Ал эми жума күнү мечиттерде бул майрамдын белгиленишине каршы кутпа окулат.

14-февралда майрамдалчу Валентин күнү бул жылы жумага туш келди. Бийликтер Ыйык Валентин күнү өзбек элинин салт-санаасына жана ислам динине каршы келет деп эсептешет. Сүйүү күнү Борбор Азияда жаштардын арасында акыркы жылдары кеңири майрамдалып келет, ошону менен бирге айрым топтордун бул майрамга каршы чыгышы күчөдү. (AiK)