Олимпиадага Трелевскийдин ордуна Тимофеев катышат

Сочи олимпиадасына кыргызстандык Дмитрий Трелевскийдин ордуна Евгений Тимофеевди катыштыруу маселеси азыр эле оңунан чечилди. Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги Трелевскийди жаракат алып калганына байланыштуу башка спортчу Евгений Тимофеев менен алмаштырууну өтүнүп 12-февралда Эл аралык Олимпиада комитетине кат жолдогон. Анын жообу бүгүн түштөн кийин билинип, Тимофеев олимпиадага катышмак болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сочиден Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов кабарлады.

Трелевский 12-февраль күнү машыгуу учурунда алган жаратынан улам мелдештерге катыша албай калды. Учурда анын абалы дурус. Кечээ ооруканадан сынган бутуна шакшак коюлуп, учурда шишиги тарай элек. Ал дарыланып, Красная Полянадагы олимпиадалык айылда турат. Анын ордуна Бишкектен 19 жаштагы спорт чебери Евгений Тимофеев Сочиге келатат. Ал дагы олимпиадага катышуу үчүн бардык талаптарды тапшырган. Евгений 14-февралдын таңында Сочи шаарына келип калат.

Трелевский лыжа спортунун үч түрүнөн ат салышмак. Жадыбал боюнча 16-февралда супер гигант, 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге чыгышы керек эле. Ал эми анын ордуна келген Евгений Тимофеев 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге катышмак болду. (КМа)