Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен “Азаттыкка” маалымдашты. Маалыматка ылайык, аталган ишканалар өткөн жылы жасалган иштери тууралуу маалымат беришкен эмес, ошондой эле 2014-жылга ишин өнүктүрүү планын тааныштырышкан эмес. Кен байлык казууга уруксат кагазы жокко чыгарылган ишканалардын арасында алтын кенин казуучу “Алтын-Кен” ишканасы менен “Кыргызалтын” ишканасы бар. Калган ишканалар көбүнчө көмүр казуу, жер алдынан таза суу сордуруп алуу, кум-шагыл алуу менен алектенген ишканалар.(ZKo)