Нарын: соодагерлер нааразы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Учурда Нарын шаарындагы базардын сыртында соода кылган 50дөй адам облустук бийликтин имаратында чогулуп турушат. Алар "шаардык бийлик сыртта соода кылгандарга тийбесин, соода кылчу орундарыбызды албасын" деген талап коюшууда. Нааразы болгондорго өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова жана шаар башчысы Баатырбек Жээналиев чыгып жолукту. Бирок эки тарап бир пикирге келе албай кайым айтышууда.