Баткенде шахты көчүп, бир кишини басып калды

12-февралда саат 2:00 чамасында Сүлүктү шаарындагы “Ак-Тилек” жеке ишканасына караштуу көмүр казган шахты кулап түшкөн. Натыйжада отуз жаштагы Болот Орозов уранды алдында калып, каза тапкан. Бүгүн эртең менен саат жетиде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары маркумдун сөөгүн казып алып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Көмүр казып алууда техникалык коопсуздук сакталбаганынан шахтылар көчүп түшүп, андан адам өлүмү катталган учурлар жалпы Кыргызстан боюнча арбын.(ZKo)