Иракта 21 согушкер курман болду

Ирактык экстремисттердин лагеринде болгон жардыруудан 21 согушкер, анын ичинде жанкечти набыт болду. Окуя согушкерлердин Багдаддан түндүктөгү Жилим аймагындагы лагеринде болду. Ирактын коопсуздук кызматындагы булак алар пропагандалык фильм тартып жатып, автомобилге коюлган бомбаны жаңылыш жардырып алышканын маалымдады.

Ирак акыркы алты жылдагы эң кандуу жылды баштан кечирүүдө. Январь айында өлкө боюнча миңден ашуун адам түрдүү чабуулдарда өлдү. 10-февралда Ирак парламентинин төрагасы Усама ал-Нужаифини күзөтүп бараткан аскерий конвой Мосул шаарында жолго коюлган минага кабылды. Ал-Нужаифинин кеңсесинин маалымдашынча, төрага жардыруудан эч кандай зыян тарткан эмес. Бирок күзөтчүлөрүнүн бири жарадар болду.