Бүгүн Сочиде беш алтын медал ойнотулат

Бүгүн Сочи Олимпиадасында беш алтын медал ойнолот. Германиялык лыжачы Мария Хефль-Риш суперкомбинацияда (бийиктен ылдам түшүүдө жана слаломдо) алтын медалды утту. Эки аралыкты Мария Хефль-Риш 2 минута 34,62 секундада багындырды. Күмүш медалды австриялык Николь Хосп (2.35,02) жана коло медалды америкалык Жулия Манкусо (2.35,15) жеңди.

30 жаштагы Мария Хефль-Риш 2010-жылдагы Олимпиадада слаломдо жана суперкомбинацияда биринчи болгон. Кырк жаштагы биатлонист Оле-Эйнар Бьорндален 12, 5 чакырымга жарышууда Кышкы Олимпидадагы 13-медалы үчүн күрөшөт.