Евробиримдик Боснияга аскер жибериши ыктымал

Босния-Герцеговинадагы эл аралык башкы өкүл Валентин Инско өлкөдө кырдаал тынчыбаса, Европа Биримдигинин аскерлери киргизилиши ыктымалдыгын каңкуулады. Австриянын "Курьер" басылмасында ал Боснияда 1990-жылдардагы согуштагыдан кийинки эң оор кырдаал түзүлдү деген оюн ортого салды. Ал «эгер кырдаал дагы курчуса, балким европалык аскерлер тууралуу ойлонушубуз керек болот. Бирок азырынча бул эрте», - деди.

Боснияда коррупция, жумушсуздук, жакырлык боюнча үч күн тополоң болуп, 100дөгөн киши жараат алды. Бир нече шаарда, анын ичинде баш калаа Сараеводо жума күнү бир нече мамлекеттик имаратка өрт коюлду.