Атамбаев: Аскерлер мамлекеттин колдоосун сезе баштайт

Кыргызстанда куралдуу күчтөрдүн негизи чыңдалып, аскер кызматкерлери мамлекеттин тиешелүү колдоосун сезе баштайт. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн күч структураларынын башчылары менен жолугушууда билдирди.

- Мамлекетти чыңдоо ишинде офицерлер алдыңкы позицияда жүрүүгө милдеттүү,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы түзүлүп, анын башчысы болуп Асанбек Алымкожоев дайындалганын айтты.

Генерал-майор Асанбек Алымкожоев 58 жашта. Чүй облусундагы Сокулук районунун Сарбан айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кадрдык офицер. 1979-1981-жылдары Ооганстанда кызмат кылган. 1981-1982-жылдары Орусиянын Калинин шаарында чалгындоо полкун жетектеген. Былтыртан бери Улуттук гвардияны жетектеп келген.

3-февралда чыккан президенттин жарлыгына ылайык, куралдуу күчтөрдүн башкы органы – Генералдык штаб түзүлөт жана өлкөнүн ичиндеги ар кандай кризистик кырдаалда аскерлерди колдонууга уруксат берилет. (RK)