Кыргыз-америка фольклору Ошто жаңырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Америкалык Windborne фольклордук тобу менен кыргызстандык “Устат Шакирт+” ансамблинин биргелешкен концерти Ошто, Жалал-Абадда, Кызыл-Кыя шаарларында да уланууда. "Иш-чара эки элдин маданиятын жана көз карашын жакындаштырууга салым кошот",- дешти уюштуруучулар. Концертти Американын Кыргызстандагы элчилиги "Америка добуштары" аттуу коммерциялык эмес уюм менен кызматташтыкта уюштурган. Фольклордук концертти Ош шаарында өткөрүүгө Youth of Osh коомдук бирикмеси көмөктөштү.