ОшТВ телекомпаниясына кылмыш иши козголду

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Телеканал Кылмыш-жаза кодексинин 299- беренеси – аймактар аралык бөлүнүүгө чакырык таштоо боюнча айыпталууда.

Аталган телеканалдын директору Эрнис Кыязов УКМК тарабынан текшерүүлөр 31-январдан тарта күчөгөнүн билдирген. Бул жагдайды ал сөз эркиндигине басым катары сыпаттоодо.

Аталган канал соңку кездери СМС билдирүүлөр аркылуу мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду жактаган маалыматтарды берип келген.

Коомчулукта Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов ОшТВга ээлик кылаары айтылат. Телеканал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында негизинен Ош шаарындагы жаңылыктар жана шаар бийлигин мактаган берүүлөрдү көрсөтчү.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиамекемелердин бири. Аны 1990-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, толугу менен кыргызчаланган. Телеканал ээсине медиа аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга салым кошкон деп күнөө коюлган. Худайбердиев азыр чет өлкөдө жашайт.(SE)