Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы жарыяланды

Быйылкы жыл Кыргызстанда Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Президент Кыргызстан 20 жыл мурда өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүгүн алганы менен бул жылдар текке кеткенин, коррупция, криминал жана үй-бүлөлүк башкарууга баткан режимдер бийликтин баркын кетирип койгонун айтты. Апрел окуясынан кийин жашоо оңолуп, жарандардын өз мамлекетине болгон мамилеси өзгөрө баштаганын билдирди. Бирок, президенттин пикиринде, учурда ички тирешүүлөр жана башкаруунун натыйжалуу болбой жатканы өлкө үчүн, жалпы мамлекеттүүлүк үчүн коркунуч жаратууда.

Бир ай ичинде Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлмөй болду. (RK)